Нарындагы контейнерлерден тургузулган мектептин ордуна жаңы мектеп курулат

20 августа 2020 17:48 1343 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерлерден тургузулган мектептин ордуна жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 20-августта  президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында 150 окуучуга эсептелген орто мектептин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мектептин мурдагы имараты 1971-жылы салынган жана учурда авариялык абалда турат. Өткөн жылы окуучулар контейнерлерден тургузулган мобилдүү мектепте окууга аргасыз болушкан. Бул коомчулукта кеңири резонансты жараткан. Жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан жана 2020-жылы курулуш иштери башталган.

Жээнбеков мезгил билим берүү системасына башкача мамилелерди талап кылып жатканын баса белгилеп, ага байланыштуу бардык аймактарда заманбап стандарттарга жооп берген жаңы мектептерди куруунун маанисине токтолду.

Мектепти куруп жаткан подрядчыларга кайрылган мамлекет башчысы курулушту үстүбүздөгү жылда бүткөрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи.

Жаңы мектептин курулуш иштерин ноябрь айында жыйынтыктоо пландаштырылганы белгиленди.

Жээнбеков коронавирус инфекциясынын пандемиясы жаңы талаптарды, анын ичинде билим берүү чөйрөсүнө жаңы милдеттерди аныктагандыгын кошумчалады. Мындан улам санариптештирүү процессине өзгөчө көңүл бурууга дагы бир жолу чакырып өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/naryndagy-kontejnerlerden-turguzulgan-mekteptin-orduna-zhay-mektep-kurulat



Добавить комментарий