Нарында санитардык-карантиндик посттор уюштурулуп иштеп жатат
Нарын облусунда коронавирустук илдет боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу жана алдын алуу иштерин аткаруу максатында Нарын облусунун территориясына кирүүчү жолдорго санитардык-карантиндик посттору уюштурулуп бүгүнкү күндө иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Ар бир посттко Нарын облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери күнү-түнү кезметке райондук мамлекеттик администрациясынын, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана медициналык кызматкерлер менен биргеликте өткөрүү пункттарында коронавирус илдетинин кирүүсүнө жана жайылуусунун болтурбоо үчүн коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барышууда.
Нарын ОИИБнин тарабынан Нарын облусунун тургундарына жана меймандарына Кыргыз Республикасынын аймагына "ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ" режими киргизилгендигине байланыштуу Нарын облусунун аймагына жарандардын жана автоунаалардын кирүүсүнө жана чыгуусуна чектөөлөр коюлду. Ал эми облустун аймагынан кирип чыгууга зарыл болгон учурларда гана уруксат берилип жатат. Мисалы: азык-түлүк товарларын жана дары-дармек каражаттарын алып келүүдө, туугандарынын каза болуу учурларында уруксат берилет жана жарандардын жанында өздүгүн тастыктаган документтер болуусу шарт. Өзгөчө кырдаалдын шарттарын туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-sanitardyk-karantindik-posttoru-uyushturulup-ishtep-zhatat
Добавить комментарий ×