Нарында коронавирустан каза болгон тургундун өнөкөт оорусу да бар болгон

2 июня 2020 16:37 967 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус илдетине чалдыгып, 1-июнда каза болгон Нарын облусунун 79 жаштагы тургунунун өлүмүнө өнөкөт оорусу да байланыштуу. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтап Нарын облусунун ооруканаларынын бирине 13-май кү нү ишемиялык инсульт менен келип түшкөн. Ошондой эле бейтап гипертония өнөкөт оорусу жана кант диабети менен ооруган. 29-майда алынган тесттин жыйынтыгы менен COVID-19 вирусуна чалдыкканы аныкталган. Абалы оор болгонуна байланыштуу жандандыруу бөлүмүнө которулуп, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.  Көп өтпөй бептап 1-июнда көз жумду.

Жалпысынан коронавирус илдети 17 кишининин өмүрүн алды.


Ссылка: https://barometr.kg/narynda-koronavirustan-kaza-bolgon-turgundun-nkt-oorusu-da-bar-bolgon



Добавить комментарий