Нарында бир суткада үч медкызматкерден коронавирус табылды
Поделиться в:
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Ага ылайык, жаңы катталган учурлар төмөнкү аймактардан табылган.
Бишкек ш. – 1
Жалал-Абад облусунда – 1
Нарын облусунда – 3.
Ошентип республика боюнча коронавирус илдетине 231 медкызматкер чалдыкты. Анын 166сы айыгып чыккан.
Ал эми Кыргызстан боюнча илдет 931 кишиге жукту.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-bir-sutkada-ch-medkyzmatkerden-koronavirus-tabyldy
Добавить комментарий ×