Нарында 65 жаштагы жоголуп кеткен малчы тоодон аман-эсен табылды (Сүрөт)
Нарында 65 жаштагы жоголуп кеткен жаран аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Нарын облусунун Нарын районунда 25-августта саат 07:30 чамасында Алыш айылында 1955-жылы туулган эркек киши мал кайтарып кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Нарын шаардык №16 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылып, издөө иш-чараларынын натыйжасында аман-эсен табылып, тез жардам кыматкерлерине өткөрүлүп берилген. Абалы туруктуу.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-65-zhashtagy-zhogolup-ketken-zharan-aman-esen-tabyldy
Добавить комментарий ×