Нарын жана Талас областынын казылары дайындалды
Поделиться в:
Эрик ажы Молдокулов Нарын областынын казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашканын ”Барометр” билдирет.
Буга чейин иштеп жаткан казы Маметасан ажы Ибраев ден соолугуна байланыштуу кызматтан кеткен.
Мындан тышкары Сулумбек ажы Узеналиев Талас собластынын казысы болуп дайындалды. Ага чейин иштеп жаткан казы да ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Кечээ, 28-июнда теолог, дин аалымы Кадыр Маликов муфтийдин орун басары кызматынын кеткени белгилүү болгон. Анын арыз жазуусуна дагы ден соолугунун абалы себеп болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/naryn-zhana-talas-oblastynyn-kazylary-dajyndaldy
Добавить комментарий ×