Кадыр Маликов муфтийдин орун басары кызматынын кетти
Поделиться в:
Теолог, белгилүү дин аалымы Кадыр Маликов муфтийдин орун басары кызматынын кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасынан маалымдаганын “Барометр” билдирет.
Жарыяланган документке ылайык, дин ишмери иштен бошотуу тууралуу арызды 23-июлда жазган. Арыз жазуусуна ден соолугунун абалы себеп болгон.
Эскерте кетсек, теолог Кадыр Маликов 2020-жылдын 21-августунда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары болуп дайындалган.
Ссылка: https://barometr.kg/kadyr-malikov-muftijdin-orun-basary-kyzmatynyn-ketti
Добавить комментарий ×