Нарын шаары менен Ат-Башы районунун коменданты болгон Уланбек Аалиев өзгөчө учурлар тууралуу айтып берди

19 мая 2020 11:36 697 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус илдетинен улам өлкөгө киргизилген өзгөчө абал учурунда Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милдетин аркалаган Нарын ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиев аталган аймактагы абал, кырдаал учурундагы кыйынчылыктар, анын кесепеттери, сабактары туурасында айтып берди. Чакан маекти ИИМдин басма сөз кызматы алып даярдаган. 

-Улан мырза, тоо койнундагы эркин элди кандайдыр бир чектөөгө алуу кыйынчылык туудурса керек? Сиз үчүн өзгөчө абал учурунда эң оор түйшүк эмне болду?

-Нарын облусу өзгөчө абалга чейин өзгөчө кырдаал режиминде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барып жаттык. Иш учурунда ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болдук, жөө жүргүнчүлөрдүн, автоунаалардын кыймылы көп болуп, эл менен кызматкерлердин ортосунда түшүнбөстүктөр да пайда болуп жатты. Ошол эле маалда өзгөчө кырдаал учурунда эл арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз, байма-бай жүргүзүлүп жаткандыктан кыйынчылыктарды өз учурунда жеңип, өзгөчө абал режимине жеңил шарт менен кирүүгө жол ачылды. 

Ал эми өзгөчө абал режими менен коменданттык саат киргизилген күндөн баштап тартип, укук бузуу фактылары анча көп катталган жок. Себеби, менин жеке оюмча буга чейинки иштеген ишибиздин жыйынтыгынан улам эл кырдаалды толук түшүндү. Баарынан да мен үчүн өзгөчө абал учурунда эң оор түйшүк жараткан бул жамандык жакшылыктарга чектөө киргизилгени болду. Бир мисал айтайын, Нарын районунда бир жаран каза болуп, ал жерде эң жакын туугандары, тактап айтканда 22 гана адам катышып өздөрү акыркы сапарга узатышты. Канткен менен калыптанып калган салт-санаа, каада дегенден шарт эле баш буруп кетүү баардык эле адамга абдан оор таасирин тийгизбей койбойт. Ушундай учурлар жүрөктө калды.

Бул оору чындыгында айттырып келбейт экен, көзгө да көрүнбөгөн коркунучтуу жугуштуу оору же, тилсиз жоо менен күрөшүүгө бизге КР ИИМнин, чек ара, аскер кызматкерлери, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери жардам берип көмөк көрсөтүп жатышты. Негизинен баардык иш аракетибиз, кылган кызматыбыз жана эмгегибиз эл үчүн, элдин коопсуздугу үчүн болду деп айтсам жаңылышпайм.

Эске салсак, Нарын шаары менен Ат-Башыга 10-майга чейин өзгөчө абал киргизилген болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/naryn-oiibnyn-bashchysy-miliciyanyn-polkovnigi-ulanbek-aaliev-menen-maek



Добавить комментарий