Нарын облусунун инвестициялык логотиби даяр болду
Нарын облусуна инвестиция тартууда, туризм тармагын өнүктүрүү иштеринде жана жергиликтүү продукцияларды чыгарууда колдонуу үчүн Нарын облусунун логотиби иштелип чыкты. Ал облус жетекчиси Эмилбек Алымкуловдун 3-февралдагы буйругу менен бекитилген. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган логотипти мекеме-ишканаларга, туристтик фирмаларга, өндүрүштүк ишканаларга (менчигинин түрүнө карабай) өзгөртпөстөн колдонуу жагы сунушталууда.
Логотипте Теңир Тоонун койнундагы Улуу Жибек Жолу, Таш-Рабат, Соң-Көл жана Нарын дарыясы сыяктуу Нарын облусунун өзгөчөлүктөрү камтылган.
Логотипти иштеп чыгуу боюнча сынакка 5 адам катышкан. Алардын идеяларын жана эскиздерин негиз кылуу менен логотиптин тандалып алынган вариантын Нарын шаарынын башкы архитектору Эркин Рахатбек уулу иштеп чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/naryn-oblusunun-invest-logotibi-ishtelip-chykty
Добавить комментарий ×