Наргиза Мансурова президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы болду
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, мамлекет башчысынын аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду.
Жарлыкка ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана президенттин басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү.
Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында — социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.
Президент Сооронбай Жээнбековдун буйруктары менен:
— Толгонай Стамалиева КР президентинин басма сөз катчысы;
— Наргиза Мансурова президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;
— Назгүл Ташпаева президенттин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
— Кудайберген Базарбаев президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Добавить комментарий ×