Намаз окуп жаткан имамга жапайы карышкыр келип, намаз бүткөнчө күтүп чогуу сүрөткө түштү

23 июля 2019 12:02 23196 4 Barometr
Поделиться в:
ok

“Казакстандын Караганда областында ажайып окуялардын бири болду”,- деп жазат sn.kz булагы.

Аталган областын “Бала ажы” мечитинин наиб имамы Нуржан Кулмуганбетов таң калыштуу окуя болгонун маалымдады. Анын карышкырды кучактап түшкөн сүрөтү интернетке тарап, учурда кызуу талкууга алынууда.

“Намаз окуп жаткам, карышкыр кашыма келди, намаз бүткөнчө күтүп турду, жанымда жатты. Андан кийин аны кучактап сүрөткө түштүм. Эч корккон жокмун”,-дейт имам.

“Алланын кудуретин караңыз! Адам баласына жолобогон жырткыч намазга келди. Намаз окуп бүткөнчө жанында жаткан. Балким күчүктөрүнө жардам сурап келдиби ким билет. Бул анык жапайы карышкыр, колго багылган эмес”,-деп жазышууда таң калган окурмандар.

Наиб имам жанындагы фото сүрөткө тарткан жолдоштору аркылуу  бул жөнүндө аудио жазуу дагы жаздырган.

Аталган мечиттин башкы имамы Махмуд Нурулу дагы бул окуянын болгонун ырастады.

“Окуя болгону чындык. Сүрөттөгү жигит менин наиб имамым. Жакында гана эмгек өргүүсүнө чыгып, эки үч күн мурда Агадыр станциясына  достору менен жумуштап барып талаадагы дөбөлөрдүн биринде намаз окуп жатканда ушундай жагдай болгон”,-деп айтты башкы имам.

Ссылка: https://barometr.kg/namaz-okup-zhatkan-imamga-zhapajy-karyshkyr-kelip-namaz-btknch-ktp-choguu-srtk-tsht



Добавить комментарий