Мыктыбек Абдылдаев: "Өтүк, тон кийип алыскы аймактарды кыдыргыла"
“Өкмөт Кыргызстандын аймагындагы абалды беш колдой билиши керек. Өтүк, тон кийип алып алыскы аймактарды, калктуу конуштарды кыдыргыла”,-деди депутат Мыктыбек Абдылдаев бүгүн, 26-февралда тармактык комитеттин жыйынында Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып.
Айтымында, тоолуу аймактарда, айыл макамын ала элек конуштарда жашагандардын шарты абдан начар.
“Интернет аркылуу маалымат алып, аны бул жакка көчүрүп алып келгендин кереги жок. Эл менен түз иштешүү керек. Мамлекетти кыдырып чыгуу зарыл, азыр сырт жакка эч ким басып барбайт. Аксы районундагы калктуу конуштарга айыл макамын берүүнү Өкмөт жыйында талкуулабаса, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жерине барып, эл менен жолугуп, абалды бир көрүп келбесе, анан кантип Мыйзам долбоорун алып келип жатасыңар? Калктуу конуштар шарты начар, жолу жок болсо дагы мал багып жандарын багып келишет. Айыл макамын берип жаткан соң Өкмөт инфраструктуралык маселелерди дагы чечип бериши керек”-деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, Мыйзам долбоору менен төмөнкү калктуу пункттарга айыл статусун берүү сунушталууда: Жалал-Абад обласунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагындагы Тосту, Туюк-Жар, Өлөӊ-Булак, Чарбак, Кара-Башат.
Ссылка: https://barometr.kg/myktybek-abdyldaev-tk-ton-kijip-alysky-ajmaktardy-kydyrgyla
Добавить комментарий ×