Мыктыбек Абдылдаев: мен ачык айтайын сууну сатып жатабыз, видеого дагы тарттырдык

27 февраля 2020 13:17 7839 4 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев бийликтин айрым бутагында отургандар сууну коңшу мамлекеттерге кызылдай эле сатып жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Депутаттар бүгүн, 27-февралдагы жыйынында 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын укту.

Депутат Абдылдаев Орто-Токой суу сактагычына канча суу батып, ал суу менен Кыргызстан канча гектар жерди сугара аларын сурады.

Суу чарба аганеттигинин жетекчисинин орун басары Орто-Токой суу сактагычына 470 миллион кубо метр суу батарын айтып, анда Казакстандын дагы үлүшү бар экенин билдирди. Андан Кыргызстан 148 миң гектар жерди сугарганга мүмкүнчүлүгү бар.

Бирок депутат Кыргызстан сууну сатып жатканын баса белгиледи.

“Мен ачык эле айтайын, сууну сатып жатабыз! Анан өзүбүздүн дыйкандарга суу жетпей калып жатат. Мен Чүй облусундагы ирригациялык маселе боюнча атайын эки айдан бери даярданып келдим. Бул маселе чатак. Биз өзүбүздүн дыйкандарга сууну толук көлөмдө беришибиз керек да. Барын видеого тарттыртып келдик, эми көрөбүз июндун аягында Орто-Токойдо канча суу каларын”, — деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/myktybek-abdyldaev-men-achyk-ajtajyn-suunu-satyp-zhatabyz-videogo-dagy-tarttyrdyk



Добавить комментарий

  • Ьактыгул 5 лет назад
    Бул да ФАКТ эмес го, биз кандай ишендиребиз! Кыргызстанды эч ким ойлобой калды !!! Элди да сатканы каоышты!!!
  • Эми сата элек суувуз эле калыптырда
  • Аксакал ,Калыс созун айтат ардайым. Аксакал деген ушундай болуш керек
  • Элдин жок болуп кетишинен корком, карыздан кутула албадык, балдардын келечеги эмне болот