Мыйзамсыз чечимдер КСДП партиясынын ичинде эки жааттуу тирешүүлөргө алып келеби?
Поделиться в:
КСДП партиясынын ичиндеги легитимсиз чечимдер эки жааттуу саясий тирешүүлөргө алып келет деди Иса Өмүркулов бүгүнкү пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Эске салсак, КСДП саясий партиясы Өмүркуловду катарынан чыгаруу боюнча чечимди 31-октябрда кабыл алып, себебин Өмүркуловдун аракеттери партиянын уставына жана мыйзамдарына туура келбегени үчүн чыгарылды деген.
Себеби партиядан чыгарыш үчүн кандайдыр бир олуттуу себеп болуш керек эле. Бул жерде андай маанилүү же олуттуу себеп жок.
КСДП партиясы өлкөдөгү ири саясий партиялардын бири.Ошондуктан, мен өзүмдүн кадыр-баркым үчүн акырына чейин күрөшөм деп билдирди Өмүркулов.
Добавить комментарий ×