Иса Өмүркулов КСДП партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылды

1 ноября 2018 09:00 965 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Иса Өмуркулов КСДП партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылды. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматта  КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны болуп, анда партиянын XVIII курултайын 2019-жылдын 6-апрелине дайындоо чечими кабыл алынгандыгы айтылган.

Андан сырткары партиянын  ЖКдагы фракциясынын лидери Өмүркуловдун жүрүм-туруму, аракеттери партиянын уставына жана максаттарына  туура келбегендиги айтылып, мучөлүктөн чыгаруу чечими кабыл алынган. 

"Жыйынга ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина катышып, КСДП төрагасынын орун басары болуп шайланган. Учурда партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев. 

Анын орун басарлары Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Сапар Исаков жана КСДП катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Усубалиев деп жазылган маалыматта. 


КСДПнын саясий кеңешинин регламентине ылайык, Иса Өмүркуловдун ыйгарым укуктары партиядан чыгарылгандан кийин токтотулаары айтылды. Учурда Өмүркуловду КСДП фракциясынын лидерлигинен чакыртып алуу сунушу Жогорку Кеңешке,  фракция депутаттарына жиберилди.



Ссылка: https://barometr.kg/isa-murkulov-ksdp-partiyasynyn-mchlgnn-chygaryldy



Добавить комментарий