Муздун астындагы сууга түшүп кеткен баланын абалы туруктуу

1 февраля 2019 11:58 1041 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Муз жарылып, ага түшүп  кеткен баланын абалы туруктуу. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Эске салсак, кечээ, 31-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда ойноп жаткан жеринен өспүрүм бала сууга түшүп кеткен окуя катталган. Куткаруучулар жеткиче өспүрүм бала муздак сууда 15-20 метр аралыкта карманып турган. 

Саат 14:25 ӨКМге Ленин айылындагы Комунарская көчөсүнүн четинде жайгашкан көлмөдөгү муз үстүндө бала ойноп жатып сууга түшүп кетти деген маалымат түшөт. №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулар 5 мүнөт ичинде жетип, дароо куткарганга киришет. Бала суу ичинде, музду карманып турган жээктен 15-20 метр аралыкта. Куткаруучулар аркан байланып, муздун үстү менен барып чөгүп жаткан балага аркан ыргытып, тартып чыгышкан.Жыйынтыгында куткаруучулар 2004-жылкы С.М.   аттуу баланы куткарып калышкан, баланын абалы туруктуу-деп билдирет басма сөз кызматы. 

Ссылка: https://barometr.kg/muzdun-astyndagy-suuga-tshp-ketken-bala-aman-esen-kutkaryldy



Добавить комментарий