Мурунку мисс Вирджиния өлүп, кайра тирилип, көпчүлүктү таңкалтырды
Мурунку мисс Вирджиния, 82 жаштагы Барбара Гутри Лей коронавируска чалдыгып, Рождество майрамында каза болгон, бирок, кийинчерээк анын тирилип кеткени маалым болду. Бул тууралуу New York Post жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
1958-жылы мисс Вирджиния наамын жеңип алган аял, коронавируска чалдыккандыктан, дем алуусу начарлап, 20-декабрда Грузиядагы ооруканага түшкөн. Ооруканага жаткырылгандан эки күндөн кийин ал өлдү деп жарыяланып, кайгылуу кабарды биринчи болуп дарыгер уулу Том Келлиге угузушкан.
Келли, өз кезегинде, апасынын каза болгондугу жөнүндө туугандарына кабар берген. Бирок, бир нече мүнөттөн кийин, Келли апасы Барбаранын жүрөгү кайрадан согуп баштаганын уккан.
"Жүрөгү жараланган бактысыз адамдан мен абдан бактылуу адамга айландым", - деди "тирилген" аялдын күйөөсү.
"Дарыгер катары өткөн жумада болгон окуяны сүрөттөө үчүн бир гана сөз бар - керемет деп айтуудан тартынбайм", - деди Барбаранын уулу.
Маалым болгондой, аял жандандыруу бөлүмүнөн кадимки палатага которулган, ал өзү окуя тууралуу азырынча билбейт. Вирджиниядан келген анын көптөн берки досу, жергиликтүү гезитке жарыяланган материалын көрсөтүүгө ниеттенип жаткандыгын айтты. Анын айтымында, Барбара ар дайым 101 жашка чейин жашоону пландап келген.
Добавить комментарий ×