Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев өзүнө карата соттун чечимин "адилетсиз" деп атады

10 декабрь 2018 09:06 1198 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев айрым мүлктөрүн декларацияга киргизген эмес деген айып тагылып, эки айга камакка алынды. Ага карата кылмыш кодексинин "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча иш козголду.

9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Дүйшөнбек Зилалиевдин бөгөт чарасы каралып, аны УКМКнын кызматкерлеринин коштоосунда сот имаратына алып келишти. 

Эске сала кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевге былтыр 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") менен иш козголгон. Сот аны шарттуу түрдө 3 жылга соттогон.


Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-vice-permeer-ministr-djshnbek-zilaliev-zn-karata-sottun-chechimin-adiletsiz-dep-atady



Добавить комментарий