Мухаммедкалый Абылгазиев ШКУ Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты

12 октября 2018 15:00 1179 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Жыйынды ачкан Тажикстан республикасынын  премьер-министри Кохир Расулзода делегация башчыларын берекелүү тажик жерине келиши менен куттуктады.

Ал белгилегендей, ШКУ өлкөлөрү ШКУ мүчө-мамлекеттеринин жана туруктуу аракеттегиоргандарынын улантуучулук жана тыгыз өз ара аракеттешүү принциптерин карманышат.

«Биз белгиленген максаттарды жана мамлекет башчылар тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн тийиштүү күч-аракеттерди жумшайбыз. Мындай биргелешкен ишмердик уюмдун алкагында өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө жана келечектүү өнүктүрүүгө жана жаңы документтерди иштеп чыгуу менен кабыл алууда анын аймактардагы, эл аралык ролун жогорулатууга шарт түзөт», - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө тар чөйрөдө ШКУ алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Ссылка: https://barometr.kg/muhammedkalyj-abylgaziev-shku-kmt-bashchylarynyn-keeshinin-tar-chjrdg-zhyjynyna-katyshty



Добавить комментарий