Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстанда 400 миң бөбөк бала бакчага барбайт
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү күнү Кыргызстан боюнча 400 миң бала бала бакчага барбай турганын айтты.
Өкмөт башчы "Кырызстандагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү ачыктыкты жана айкындыкты жогорулатууда коомдук кеңештердин ролу" аттуу конференцияга катышууда.
Абылгазиев өз сөзүндө учурда Кыргызстандын экономикасынын 24 пайызы көмүскөдө экенин айтып, аны ачыкка алып чыгууда мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештердин ролу абдан чоң экенин айтты. Ал ошондой эле, өлкөдө ооруканалардын маселеси да көйгөйлүү экенин айтып, ооруп калган кишилер Бишкек менен Ошко эле келе турганын билдирди.
"Ооруканадагы маселелер бар. Бүт баары Бишкек менен Ошко келет. Сасык тумоого чалдыкса дагы Бишкек менен Ошко келет. Көмүскдөгү акчаны ачыкка чыгаруу керек", — деди ал.
Абылгазиев андан сырткары айрым ишкерлер миллиондогон каражат менен иш кыларын, бирок салык төлөй келгенде бир дүкөн иштеткендей салык төлөрүн белгиледи. Андыктан коомдук кеңештен кайсы министрликте же ведомстводо көйгөй бар болсо аны ачык айтууну суранды.
"Мекенибиз бирөө. Эч ким келип Кыргызстанды өнүктүрүп бербейт. Бардыгы күчтүү, билимдүү мамлекетти тааныйт. Андыктан күчтүү мамлекетти куралы", — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/muhammedkalyj-abylgaziev-kyrgyzstanda-400-mi-bala-bala-bakchaga-barbajt
Добавить комментарий ×