Муфтият Рафаэль Физиевдин билдирүүсүнө жооп узатты
Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы UFC мушкери Рафаэль Физиевдин билдирүүсүнө жооп узатты.Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Буга чейин спортчу Кыргызстандын желегин спорттук мелдештерде көтөрүп чыкпай турганын жана өзүнүн үй-бүлөсү менен өлкөдөн кетүүгө ниеттенип жатканын билдирген. Физиевдин айтымында, муфтият жана айрым белгилүү адамдар ага карата социалдык тармактарда “чабуул” уюштурушкан.
Муфтияттын басма сөз кызматы мушкер билдирген аракеттерге тиешеси жок экенин маалымдады.
"Муфтият эч кимди коркутпайт, биздин өзүбүздүн устав жана миссиябыз бар. Биз аны карманабыз-элге маалымат беребиз. Азыркы учурда бир катар маселелер, анын ичинде үй-бүлө, диний баалуулуктар, сүткорлук жана башка маселелер актуалдуу болуп жатат. Биз Физиевдин айткандарына макул эмеспиз. Бул туура эмес”,-деп билдишти муфтияттан. Мушкер 2019-жылы жазында UFC турнирине алгач ирет чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/muftiyat-rafael-fizievdin-bildirsn-zhoop-uzatty
Добавить комментарий ×