Муфтият Курман айт күнүн белгиледи. Кыргызстанда үч күн эс алуу болот
Быйыл Курман айт майрамы 11-августка белгиленди. Мындай чечимди Кыргызстан мусулмандар дийин башкармалыгы – муфтият кабыл алганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
2-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 11-августта белгилешет.
Ал эми 10-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө болушмакчы.
11-август эс алуу күнүнө туура келет. Эмгек Кодексине ылайык мындай учурда эс алуу күнү кийинки күнгө жылдырылат. Ошондуктан 12-август да дем алыш күн болот.
Эске сала кетсек, быйыл Рамазан айы 6-июнда узаган. Орозо Айт майрамынан соң толук 70 күндөн кийин Курман Айт майрамы белгиленет.
Ссылка: https://barometr.kg/muftiyat-kurman-ajt-knn-belgiledi-kyrgyzstanda-ch-kn-es-aluu-bolot
Добавить комментарий ×