Муфтият коронавирусту алдын алуу максатында түлөө өткөрдү, эми ал аймактарда да уланат
8-мартта Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кайрымдуу инсандар менен биргеликте коронавирусту алдын алуу максатында түлөө өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Элибиздин ар кандай кырсыктан, оорудан оолак сактоо максатында өткөрүлгөн түлөөгө муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Молдо Сабыр Досбол уулу, Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов жана аксакалдар, жергиликтүү жамаат катышты.
Азирети муфтий өз сөзүндө ата-бабаларыбыз бөөдө кырсыктан, ар кандай балээден, ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып түлөө өткөргөнүн белгилеп, элибиздин амандыгын, биримдигин, мамлекетибиздин тынчтыгын тилеп дуба кылды.
“Садака берүү ар кандай балээден кайтарат. Коронавирус деп дүрбөлөңгө түшпөй ага тообо келтирип, мындай учурда каада-салтыбызда да, шариятыбызда дагы Жараткандан оорудан, жаман өлүмдөн сактап, илдетке шыпаа берсин деп кан чыгарып, түлөө өткөрүп келишкен. Ылайым Алла Таалам элибизге амандык, биримдик берип, жергебизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болсун”, - деди муфтий.
Түлөөгө эки бодо мал союлду. Анын эти кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жергиликтүү жамаатка бөлүнүп берилип, жеринде таратылды. Мындай түлөө эми өлкөнүн башка аймагында дагы улантылат.
Ссылка: https://barometr.kg/muftiyat-koronavirustu-aldyn-aluu-maksatynda-tl-tkrd-emi-al-ajmaktarda-da-ulanat
Добавить комментарий ×