Муфтият: Быйыл орозо айы май айынын биринчи 10 күндүгүндө башталат

10 апреля 2019 15:20 2196 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok


Кыргызстанда быйыл орозо айы качан башталаары толук тактала элек, болжолдуу түрдө май айынын биринчи он күндүгүндө башталат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы Barometr.kg  сайтына билдирди.

“Орозо күнүн тактап айтуу бул өтө кыйын маселе болгондуктан, биз азырынча так күңу тууралуу эч кандай маалымат каражаттарына маалымат бере элекпиз. Бирок айрым маалыматтык сайттарга тарап кеткен жаңылыктан улам тактоо киргизип коюу керек. Орозо айы болжолдуу түрдө апрель айынын аягы май айынан биринчи 10 күндугүнө туура келет. Бул тууралуу дагы такталган маалыматты биз апрель айынын аягы май айынын башында гана бере алабыз”, -деп билдирди муфтияттые маалымат кызматынын кызматкери Максат Атабаев.

Эске салсак, 2018-жылы Орозо айы 17-майда башталган.

Ссылка: https://barometr.kg/muftiyat-byjyl-orozo-ajy-maj-ajynyn-birinchi-10-kndgnd-bashtalat



Добавить комментарий