МСК: Жаңы салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тартып иштеши керек

8 сентября 2021 09:16 1304 Barometr
Поделиться в:
ok

Азыркы учурда жаңы Салык кодексинин иштеп чыгуу уланууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Мамлекеттик салык кызматынан башчысы Илияз Иманбетов маалымдаганын “Баромтер” билдирет.

Ал кодекстин жаңы редакциясы коомдук талкууга коюлганын эскертти. 15-сентябрда жаңы Салык кодекси Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

“Бул бизнестин шарттарын жакшыртуу үчүн берилген президенттин тапшырмасы. Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тартып иштеши керек”,-деп айтты ал.

Иманбетов бюджет тууралуу мыйзам кабыл алына электигин, ошондуктан МСК кийинки жылы салыкчылар канча салык чогултарын тактай электигин кошумчалады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/msk-zhay-salyk-kodeksi-2022-zhyldyn-1-yanvarynan-tartyp-ishteshi-kerek



Добавить комментарий