МСК декларация толтурбаган чиновниктердин тизмесин жарыялайт
Мамлекеттик салык кызматы (МСК) мамлекетик жана муниципалдык кызматкерлерди 1-апрелге чейин Бирдиктүу салык декларциясын тапшырууга чакырат. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мыйзамда белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин МСК Бирдиктүү салык декларациясын убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмесин жарыялайт, ошондой эле алардын тизмеси прогркуратура органдарына берилет.
Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин мамлекеттик кызматкерлерден тышкары унаасы, кыймылсыз мүлкү жана жер участоктору бар жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер салык декларциясын тапшырууга милдеттүү.
Ссылка: https://barometr.kg/msk-deklaraciya-tolturbagan-chinovnikterdin-tizmesin-zharyyalajt
Добавить комментарий ×