Өмүрбек Текебаев Сооронбай Жээнбековду жашыруун колдогондорду ачыкка чыгууга чакырды

3 февраля 2020 15:52 2768 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттык” радиосунун “Эки бир” телеберүүсүндө президент Сооронбай Жээнбековду жашыруун колдоп, эч кимге билинбей парламентке келебиз дегендер чоң жаңылып жатканын билдирди.

“Жашырынып, койдун терисин жамынып келип өтүш мүмкүн эмес. Сөзсүз түрдө Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдогон партия болушу керек. Эгер андай партия болбосо Атамбаевдин кейпин сөзсүз кийет. Андай (Жээнбеков – авт.) болбогонго аракет кылат. Демек өзүнүн партиясы болушу керек. Муну коомчулук — биз туура кабыл алышыбыз керек. Мыйзам боюнча президент партияга мүчө боло албайт, бирок  аны колдогон партия сөзсүз болуш керек. Колдогондо “биз колдойбуз” деп ачык чыгыш керек. Муну эрөөн көрбөшүбүз керек. Алардын укугу бар”, — деди ал.

Текебаев андан сырткары азыр ачык айтпастан койдун терисин жамынып алып, шайлоодон байкатпай өтүп келип, Жээнбековду парламенттен колдойбуз десе, бул биринчиден шайлоочуларды сыйлабастык экенин, экинчиден андайды жашырүү мүмкүн эмес экенин айтты.

“Мен Сооронбай Жээнбековдун колдоочуларына ачык чыгып эле партияңарды жарыялап келип колдогула айтат элем. Жашырынып “Сооронбай Жээнбековду тааныбайбыз” деген түр көрсөтпөгүлө”, — деп ал президенттин колдоочуларына кайрылды.

Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-tekebaev-sooronbaj-zheenbekovdu-zhashyruun-koldogondordu-achykka-chyguuga-chakyrdy



Добавить комментарий