Өмүрбек Абдрахман: Орхан Инанды күнөөсүз эле Түркиянын түрмөсүндө отурууга мажбур болууда

8 сентября 2021 12:45 3236 Barometr
Поделиться в:
ok

"Эрдоган бийликте турганда Орхан Инандыны экстрадициялоо мүмкүн эмес”,-деп эсептейт саясатчы Өмүрбек Абдрахманов.   

Barometr.kgге берген комментарийинде Эрдоган өзүнүн бийлигин жалганчы патриоттордун жардамы менен бекемдеп жатканын, ал түрктөрдө империя сезимин ойготконун айтты.

“Түркиядагы билимдүү жана акылдуу адамдар ага кереги жок болуп калды. Ал эми билимдүү адамдар Фетхулах Гюлендин философиясы менен билим берүү системасын колдошот. Түркиянын чоң шаарлары Эрдогандын партиясына каршы добуш беришти, ал шаарларда оппозиянын адамдары мэр болушту.Мындай адамдарды темир чеңгээлде кармап туруш үчүн Эрдоган Гюлендин билим берүү системасын жок кылгысы келет”,-деп айтты саясат таануучу.

Өмүрбек Абдрахманов элди канчалык камаган сайын, айрыкча мугалимдерди, адамдар ошончо көбүрөөк ага каршы чыгуудан коркушат деп эсептейт.

“Эрдоган бийликте турганда биздин мугалимди берет деп күтүүнүн зарылдыгы жок. Орхан Инанды чыдашы керек.Анын жакындарына абдан кейиштүү болду. Адам таптакыр эле күнөөсү жок Түркиянын түрмөсүндө отурат. Абдан кейиштүү, эч нерсеге жардам бере албайбыз”,-деп айтты ал.

“Диктаторлор эл аралык уюмдарга карашкан жок”,-деп айтты Абдрахманов эл аралык уюмдардын кайрылуусу жөнүндө пикир билдирип жатып.

“Кыргызстанда издеп бирок табышкан жок.Мунун баары биздин бийлик Эрдоган менен мамилени бузууну каалаган жок дегенди айтып турат.Авторитардык жана жакшы өнүгө элек өлкөлөр өзүнүн жарандарынын укуктары үчүн эч качан күрөшпөйт.Мен дагы сүргүндөлүп, 2 жыл Америкада жашадым ал тургай элчиликке дагы киргизишкен жок.Ошондуктан ал өзүнө гана таянганы жакшы.Укук коргоо органдары аны пассивдүү издешти. Биздин бийлик жарандардын укуктарын эч качан көтөрүп чыкпайт”,-деген пикирин айтты саясатчы.

Эскерте кетсек,  5-июлда Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды MIT – Улуттук чалгындоо уюмунун (Milli Istihbarat Teşkilatı) оперциясынан  улам кармалып Түркияга жеткирилгенин айткан.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жараны Орхан Инанды Бишкекте 1-июнда дайынсыз жоголгон.Түркиянын атайын кызматтары эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстандын аймагында бийликтин уруксаты жок атайын оперцияларды жүргүзүү укугуна ээ эмес.

Кыргызстандын коомчулугу түрк атайын кызматтарынын кыргызстандыкты уурдап кетишине абдан нааразы болушкан.

6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кылган.

Орхан Инанды атайын кызматтар тарабынан кармалгандыгы тууралуу маалымат элге айтылгандан кийин Түркиянын ЖМКлары анын кыйналган сүрөтүн жарыялашкан.

Кыргызстандын коомчулугу Инандыга кыйноо көрсөтүлүп жатканын болжоп нааразы болушкан.

Укук коргоочулар Кыргызстандын бийлигинен Орхан Инандыны Бишкекке экстрадиялоону талап кылышкан. Бирок тиешелүү мамлекеттик органдар азырынча бул тууралуу маалымат бере элек. Болгону коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Талант Мамасадыков Кыргызстан өзүнүн жаранын мекенине экстрадициялоону талап кылыш керектигин билдирген.

Орхан Инанды кармалгандан кийин бир айдан кийин аны уурдап бара жатышкандар сындарган колун операция кылышкан.

Жакында Кыргызстандын чек арачыларына Орхан Инандыны уурдоого мүмкүндүк беришкендиги үчүн кылмыш иши козголду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-abdrahman-orhan-inandy-knsz-ele-trkiyanyn-trmsnd-oturuuga-mazhbur-boluuda



Добавить комментарий