Эмне үчүн Кыргызстан Орхан Инандынын экстрадициясын талап кыла элек?
Кыргызстандын акыйкатчысы Түркиянын акыйкатчысына "Сапат" кыргыз-түрк лицейлеринин негиздөөчүсү Орхан Инандынын Анкарадагы тергөө жайында укуктарын сактоону камсыз кылуу боюнча расмий кайрылды.Эгерде иш сотко чейин бара турган болсо анда ал акыйкат болуусун жана мыйзам чегинде бнолуусун өтүндү. Бул тууралуу Barometr.kgге КРнын акыйкатчысы Токон Мамытов маалымдады.
“Мен Түркия тарапка кайрылдым, экинчи кат боюнча жоопту ала элекпиз. Биринчи катыма түрк акыйкатчысы Түркия тарап терроризм менен күрөшүп жатканы жана ал баарын мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартарын айтып жооп берген. Кийинки суроодо мен Кыргызстандын жараны Орхан Инанды боюнча маселени көтөрдүм. Анын укуктары камсыздалышы керек. Сот гана террорист же террорчу эмес экенин камсыздай алат”,-деп айтты укук коргоочу.
“Эгерде сот бошотуу тууралуу чечим кабыл алса Орхан Инанды эркин болот. Эгерде сот айыптоочу чечимди кабыл алса, анда бул иште экстрадициялоо маселеси абдан көйгөй жаратмакчы”,-деп белгиледи Токон Мамытов.
Ал Түркия тарап аны өзүнүн жараны деп жатканын унутпоо керек деп эскертти.
Мындан тышкары акыйкатчынын айтымында, Кыргызстандын укук коргоо органдары анын Кыргызстандын жарандык алышынын мыйзамдуулугу боюнча маселени да карап жатышат.
“Ошондуктан жогоруда айтылгандар чечилмейинче, экстрадиция маселеси чечилбейт”,-деп эсептейт ал.
Мамытов, Barometr.kg редакциясынын “Орхан Инанды боюнча эл аралык уюмдарга кайрылдыңызбы?” деген суроосуна жооп берип жатып эл аралык уюмдар, анын ичинде Human Rights Watch Орхан Инанды менен тергөө абагында жолугушууга аракет кылып жатканын белгиледи.
“Башка укук коргоочуларга кайрылуунун кажети жок, биринчи кезекте мен өзүмдүн кесиптешиме кайрылышым керек”,-деп айтты Токон Мамытов.
Эскерте кетсек, 5-июлда Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды MIT – Улуттук чалгындоо уюмунун (Milli Istihbarat Teşkilatı) оперциясынан улам кармалып Түркияга жеткирилгенин айткан.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын жараны Орхан Инанды Бишкекте 1-июнда дайынсыз жоголгон.Түркиянын атайын кызматтары эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстандын аймагында бийликтин уруксаты жок атайын оперцияларды жүргүзүү укугуна ээ эмес.
Кыргызстандын коомчулугу түрк атайын кызматтарынын кыргызстандыкты уурдап кетишине абдан нааразы болушкан.
6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кылган.
Орхан Инанды атайын кызматтар тарабынан кармалгандыгы тууралуу маалымат элге айтылгандан кийин Түркиянын ЖМКлары анын кыйналган сүрөтүн жарыялашкан.
Кыргызстандын коомчулугу Инандыга кыйноо көрсөтүлүп жатканын болжоп нааразы болушкан.
Укук коргоочулар Кыргызстандын бийлигинен Орхан Инандыны Бишкекке экстрадиялоону талап кылышкан. Бирок тиешелүү мамлекеттик органдар азырынча бул тууралуу маалымат бере элек. Болгону коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Талант Мамасадыков Кыргызстан өзүнүн жаранын мекенине экстрадициялоону талап кылыш керектигин билдирген.
Орхан Инанды кармалгандан кийин бир айдан кийин аны уурдап бара жатышкандар сындарган колун операция кылышкан.
Жакында Кыргызстандын чек арачыларына Орхан Инандыны уурдоого мүмкүндүк беришкендиги үчүн кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/akyjkatchy-kandaj-uchurda-orhan-inandyny-ekstradiciyaloogo-bolo-turganyn-ajtty
Добавить комментарий ×