Москвада шайлоого келген кыргыз жарандары бир нече саат боюу кезек күтүшүүдө (видео)

4 октября 2020 13:24 993 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Шайлоо учурунда Орусиянын Москва шаарындагы элчиликтин №9005 участкасында элдин узун кезеги пайда болду. Бул тууралуу социалдык тармактын колодуучусу жарыялаган видеого шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Өзүңүздөр көрүп тургандай, кезек күткөндөр өтө эле көп. Бул жакта шайлоо таза өтүп жатат. Эгерде Кыргыз өлкөсүндөгү шайлоонун баары эле бул жактагыдай өткөндө эң таза шайлоо өтмөк деп ойлойм. Баары майрамдагыдай, ак калпак кийип келип шайлоого катышып кетип жатышат. Мигранттар сатылбайт, алар акчага алданбайт, буга сал деген нерселер болбойт, мигранттар жүрөгүндөгү партияны тандайт", - деп билдирди Максым аттуу социалдык тармактын колдонуучусу.


Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-shajloogo-kelgen-kyrgyz-zharandary-bir-neche-saat-boyuu-kezek-ktshd



Добавить комментарий