Москвада метродон көз жарган кыздын бир тууганы карындашынын өз баласынан баш тартпаганын айтты
Москванын “Электрозаводская” метросунда көз жарган 29 жаштагы кыргызстандык кыздын жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын абалы айтылды. Бул тууралуу “Комсомольская Правда” басылмасы жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бактыга жараша, наристе ден соолугу чың төрөлгөн. Метродон эне баланы тез жардам кызматы төрөт үйүнө алып кеткен.
Маалыматта, метродон көз жарган кыз кыргызстандын жараны 29 жаштагы Ү.К экени айтылат.
Көп өтпөй, Россиянын бир катар басылмалары кыз өз баласынан баш тартуу тууралуу арыз жазып берди деген маалыматты жазып чыгышкан. Бирок, кийинчерээ бул маалымат жалган экени айтылды. Бул маалыматты жергиликтүү полиция жана төрөт үйдүн маалымат кызматы да жалган экенин тастыкташты.
Мындай ушактарга ал кыздын Россияда мыйзамсыз жүргөнү себеп болгон. Ү.К Кыргызстандан келип, расмий түрдө эч жерде иштеген эмес. Төрөт үйдөн чыккандан кийин эне менен бала кайда бараары белгисиз.
Ошону менен катары эле, кыздын бир тууган агасы да карындашы өз баласынан баш тартпаганын айтты.
"Үпөл баласынан баш тартты деген жалган. Ал азыр баласынын жанында. Ден соолуктары жакшы. Туугандарыбыздын баары анын төрөттөн кийин калыбына келишине жардам берет.
Ошондой эле, ал өзүнүн боюнда бар экенин туугандардан жашырып келген. Эми минтип коомчулукка таркап кеткендиктен депрессия болуп жатат", - деди кыздын бир тууганы.
Эскерте кетсек, кече, 10-декабрда Москвадагы "Электрозаводская" метросунда иштеген полиция отрядынын кызматкерлери кыргызстандык келинди метродон төрөтүшкөн маалымат таркаган.
Добавить комментарий ×