Москвада Кыргызстандын жасалма документтерин колдонгондор кармалды

28 июня 2019 17:49 1234 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада Кыргызстандын жарандарынын жасалма документтерин колдонгон жарандар аныкталды. Россиянын мыйзамына ылайык алар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызмат кабарлады.

ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен  Россиянын ИИМдин аймактык түзүмдөрүнүн бөлүмү  Кыргыз Республикасынын жасалма паспорттору менен айдоочулук күбөлүктөрүн колдонгон кезектеги фактыны аныкташты.

Июнь айында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн жараны (аял киши) 1978-жылы туулган Х.К. аттуу сый акы берип такталбаган жарандар менен макулдашып алып, башка маалыматтар камтылган Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-card) өзүнө мыйзамсыз алган. Андан соң, ал Россия Федерациясынын  аймагында жүрүү үчүн миграциялык каттоого турган. Бирок, паспортто көрсөтүлгөн маалыматтар паспорт ээсинен 10 жаш кичүү болгон Кыргыз Республикасынын жаранына таандык экендиги аныкталган.

Андан сырткары, жогорудагыдай башка фактылар аныкталды. Кыргызстандын жарандары, Ош облусунун Алай районунда 1994-жылы туулган М.Э., Бишкек шаарынын 1966-жылы туулган Н.Ж. аттуу тургун Москва шаарынын аймагына келишкенде КРнын айдоочулук күбөлүгүн мыйзамсыз жол менен алышкан. Болжолдуу маалымат боюнча алар белгисиз адамдар менен сүйлөшүп алып, өздөрүнө жасалма документти мыйзамсыз алышып, жеке айдоочу болуп иштеп жүрүшкөн.

Жогорудагылардын негизинде жасалма документтерди колдонуп жүрүшкөн жарандардын иш-аракетинде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмүндө (Жасалма документтерди колдонуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери каралууда.

Азыркы учурда  козголгон кылмыш иштери боюнча Кыргыз Республикасынын жасалма паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоого тиешеси барларды аныктоо максатында тиешелүү  ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү  мекендештерге келген өлкөнүн мыйзамдарын бузбоону, миграциялык каттоого туруу жана аны узартуу, нотариустан тастыкталган ар кандай документтерди, мамлекеттик мекемелерден алынган  ар кандай документтерди жана тактамаларды жана авиабилеттерди сатууда  мыйзамсыз  ортомчулук кызматтарды көрсөткөн алдамчылардан жана ортомчулардан алыс болууну сунуштайт. Жыйынтыгында алардан алган документтер жасалма болуп калууда. Ар бир көрсөткөн кызматтары үчүн эсеп дүмүрчөгүн талап кылуу керек. Жогорудагыдай кызматтарга баруу менен жарандар кылмыш кылып жатышат. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyzstandyn-zhasalma-dokumentterin-koldongondor-karmaldy



Добавить комментарий