Москвада кыргызстандык жигиттин башын таш менен ургулап өлтүрүштү

13 апреля 2019 12:09 5640 Barometr
Поделиться в:
ok

Москванын түндүк-чыгышында сабалып каза тапкан эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу “Москва” агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен билдирди.

Башы таш менен урулган сөөктү Холмогорская көчөсүндөгү суунун жээгинен табышкан.Анын жанында кан болгон үч таш жаткан. Ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерден ботикаларды, документтерди, рюкзак жана 500 рублди табышты.

Каза тапкан жигит 1990-жылы туулган Кыргызстандын жараны болуп чыкты.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyzstandyk-zhigittin-bashyn-tash-menen-urgulap-ltrsht



Добавить комментарий