Москвада каза болгон беш жумушчунун арасында Кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда
Поделиться в:
Москванын Болкашино аймагында беш жумушчунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, жумушчулар жолдорду оңдоо иштерин жасап жатышкан. Алар курулуш вагонунун ичинен газга ууланып каза болгон.
Алдын ала маалыматта, алардын денесинен эч кандай күч колдонуу белгилери аныкталган эмес. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ал эми, каза болгондордун арасында Кыргызстандыктардын бар-жогун билүү үчүн "Барометр" Кыргызстандын Россиядагы элчилигине байланышканда учурда тактоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Эске сала кетсек, орус басылмалары Москванын Болкашино айылында жол курулуш иштерин жасап жаткан беш жумушчунун газга ууланып каза болгону тууралуу жазып чыгышкан.
Добавить комментарий ×