Монополияга каршы агенттик күйүүчү майдын баасын кескин көтөрбөөнү талап кылды

9 сентября 2021 17:39 882 Barometr
Поделиться в:
ok

Экономика жана каржы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинде бүгүн, 9-сентябрда күйүүчү-майлоочу материалдардын рыногундагы жагдай боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Жыйынга Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кенешбай Тайлаков жана нефтетрейдерлер катышты.

Жыйында күйүүчү майдын кымбатташы Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда дүң сатуу баасынын жогорулашына байланыштуу экени айтылды.

Монополияга каршы агенттик күйүүчү майдын баасын кескин көтөрбөөнү жана туура атаандаштык принцибин карманууну талап кылды.

Андай болбогон учурда монополияга каршы орган тарабынан тиешелүү чара колдонулары эскертилди.

Ссылка: https://barometr.kg/monopoliyaga-karshy-agenttik-kjch-majdyn-baasyn-keskin-ktrbn-talap-kyldy



Добавить комментарий