Депутаттар бензин менен азык-түлүктүн кымбаттаганына нааразы болушту
Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар күйүүчү майдын кымбатташына жооп бериш үчүн өкмөт мүчөлөрү менен нефтетрейдерлерди чакырууну талап кылышканын “Барометр” билдирет.
Депутат Айсулуу Мамашованын айтымында, бензиндин баасы абдан эле кымбаттап кетти, ошол эле маалда автогаз дагы наркын жогорулатты.
“Нефтетрейдерлерди, өкмөт мүчөлөрүн чакырууну өтүнөт элем, бул жагдайды талкуулашыбыз керек. Күйүүчү майды Казакстандан гана алуу керек го. Биз жол табышыбыз керек, бул ар бир жаранга тиешелүү. Бензиндин баасынын жогорулашы, азык-түлүктүн баасына таасир берет”,- деп айтты Айсулуу Мамашова.
Депутат Мирлан Жеенчороев парламент жыйынына аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн чакырууну талап кылды.
“Баары кымбаттап жатат. Элге маалымат беришибиз керек”,-деп айтты депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-benzin-menen-azyk-tlktn-kymbattaganyna-naarazy-bolushtu
Добавить комментарий ×