“Апасынан ашкан периште”. Атактуу Моника Беллучинин кызы сулуулугу менен суктандырды. Фото

20 апреля 2019 22:03 11092 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөгө белгилүү актриса Моники Беллуччи менен андан кем эмес таанымал актер Венсан Касселдин 14 жаштагы кызы Дева Кассель алгачкы ирет өзүн модель катары сынап көрдү. Кыз Dolce & Gabbana порфюмдарынын бирин жарнамалайт. Бул тууралуу cosmo.ru кабарлады.

Кызды жарнамага тартуу Италиянын Равелло коммунасындагы Амальфи жээктеринде өттү. Компания жарнаманын расмий кадрларын көрсөтө элек.    

Моника Беллучинин күйөрмандары атактуу актрисанын кызынын сулуулугун макташууда.

Жарнаманын алгачкы фото сүрөттөрү чыккандан кийин күйөрмандар “апасынын ордун басуучу”, “апасынан ашкан периште” деген мактоо сөздөрүн кыздын социалдык баракчасына калтырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/apasynan-ashkan-perishte-ataktuu-monika-belluchinin-kyzy-suluulugu-menen-suktandyrdy-foto



Добавить комментарий