Монголияда калктын 97,8 пайызы эмделди, бирок оору жуктургандар боюнча 1-орунда

9 сентября 2021 11:55 1751 Barometr
Поделиться в:
ok

Монголияда 17-августта калктын 97,8 пайызы (2 миллиондон ашык адам) толук эмделип бүткөн. Бирок сентябрдын башында аталган өлкө коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыгып, ал тургай Израилди басып өттү. Бул тууралуу “Московский комсомолец" булагы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Монголияда 2020-жылдагы маалыматтар боюнча 3 миллион 350 миң адам жашайт. 5-сентябрда бул өлкөдө оору жуктуруп алгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө тактап айтканда 7394 адам жетти. Ал эми 7-сентябрда 3677 адам аталган оору менен катталды.

Көп убакыттар бою Монголияда ооруну теориялык жактан гана билип келишкен. Өткөн жылдын ноябрь айында гана алгачкы учур катталган.

Расмий түрдө ушул жылдын 23-февралынан тартып эмдөө башталган.

Эмдөөгө чейин күнүгө 30-40 учур катталып келген, апрель айында күнүгө миңдин тегерегиндеги адам ооруп, май айында төмөндөгөн.Эми минтип ооругандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/mongoliyada-kalktyn-978-pajyzy-emdeldi-birok-ooru-zhukturgandar-boyuncha-1-orunda



Добавить комментарий