Момбеков: “Бизге эл үчүн энглиш тилинде сүйлөгөн эмес, эне тилинде сүйлөгөн өкмөт башчы керек”

13 сентября 2018 14:35 2829 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында депутат Рыскелди Момбеков өкмөт башчыны сынга алды.  

“Мен көчмөндөр эмес, көпкөндөр жөнүндө сөз кылайынчы. Алматы шаарында 6-сентябрда конгресс болду. Андрей Беликов  деген орусиянын атактуу ишмери кыргыз өкмөтүн шылдыңдады. Башкача айтканда басынтып, башынан ылдый жугунду куйду. Бирок өкмөттөн ага жооп болгон жок. Ал эмне деп айтты.  “Кыргызстандын өкмөтү алмаша берип биз адаша берип, окута берип тажадык деди. Акча берейин десең долбоору жок, түшүндүрөйүн десең, түшүнүгү жок түркөйлөр иштейт"  деди. А өкмөттөн эч ким жооп берген жок. Эгерде өкмөттүн кадыр баркы ар намысы бар болсо, Мухаммедкалый Дүйшекеевич өзү жооп бериши керек. Чынында эле ошондойбу анда биз макул бололу кыргыз өкмөтүн түркөйлөр деп жатат. Бул кандай Пушкиндин тилинде Путиндин тилинде жооп берип койсо болот беле? Болмок болчу. Анын ордуна көчмөндөрдун жабылышныда черчилдин тилинде чечендигин көрсөтүп жатат англис тилинде сүйлөп жатат. Англисче билген жакшы, бирок ал өкмөт үчүн эмес, өзү үчүн эл үчүн энглиш тилинде сүйлөгөн премьер керек эмес, эл үчүн эне тилинде сүйлөгөн премьер эсеп. Эл үчүн экономиканын тилин билген премьер керек. Экономика минстри финансы министрине, финансы министри экономикага шылташты.  Бир жумадан бери Беликовго жооп берет бекен деп атайын аңдып отурам жооп болгон жок. Убагында Беликовду  биз кадырлап барктап сыйлык бергенбиз”, -  деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/mombekov-bizge-el-chn-english-tilinde-sjlgn-emes-ene-tilinde-sjlgn-kmt-bashchy-kerek



Добавить комментарий