Бир суткада медиктер эпидемиологиялык очокторго 2140 жолу барып келишти
Бир сутка ичинде медицина кызматкерлери эпидемиологиялык очокторго 2140 жолу барып келишти. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалымат бөлүмү билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын маалыматы боюнча 2020-жылдын 29-мартына карата республикада бардыгы 272 мобилдик бригада иштеп жатат. Алардын ичинен:
Бишкек шаары – 10;
Ош шаары – 12;
Жалал-Абад облусу - 68;
Нарын облусу – 47;
Баткен облусу – 39;
Чүй облусу – 30;
Ысык-Көл жана Талас облустары – 23;
Ош облусу - 20.
Бригаданын курамына жугуштуу оорулар боюнча дарыгерлер - 41, лаборант-дарыгерлер - 33, лаборанттар – 134. Өткөн сутка ичинде медицина кызматкерлери эпидемиологиялык очокторго 2140 жолу барып келишти. Акыркы 6 күндө - 4 825 жолу барышкан.
Эске салсак, мобилдүү бригадалар үй карантиндеги жарандарга көзөмөл жүргүзүп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/mobildik-brigada-akyrky-6-knd-4-825-zholu-baryshkan
Добавить комментарий ×