Митингде ЛГБТнын чакырыгын көтөрүп жүргөндөрдү чогулгандар кууп чыкты

2 марта 2020 14:12 909 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 2-мартта, Ала-Тоо аянтында митинг болуп жаткан маалда ЛГБТнын чакырыгын көтөрүп жүргөндөрдү чогулгандар кууп чыкты.

Митингдин катышуучулары сүйлөп жаткан маалда беткап кийип алып, “Март айындагы гей парадына орун жок”, “Кыргызстан ЛГБТга каршы”, “Кыргыз элине чоң коркунуч!” деген жазуу жазылган плакат көтөрүп алгандар келди.

Бирок митингге келгендер аларды сүрүп чыгарышты.

Учурда Бишкекте Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп жатат. Буга чейин Жапаров өзү аны колдоп митингге чыкпоого чакырган болчу.

Мурдагы депутат жаза мөөнөтүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 абакта өтөп жатат. Ал массалык баш аламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алган деп айыпталып, 11 жыл 6 айге эркинен ажыратылган.

Ссылка: https://barometr.kg/mitingde-lgbtnyn-chakyrygyn-ktrp-zhrgndrd-chogulgandard-kuup-chykty



Добавить комментарий