Мирлан Самыйкожо: КТРКнын баалуу мүлкүн талатып жибербей, сактап калуу максатында убактылуу башчы болдум

15 октября 2020 10:18 1944 Barometr
Поделиться в:
ok

7-октябрда КТРКга өзүн убактылуу директордун милдетин аткаруучумун деп дайындап алган Мирлан Самыйкожо кызматын өткөрүп бергени маалым болду. Ал 6-октябрдан баштап телеканалдын ичинде башкы директорлуктун ордун талашы тууралуу маселени ачыкка чыгарды. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жарыялаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мирлан Самыйкожо 12-октябрь күнү кечинде өзүн-өзү башкы директорлукка дайындап алган кызматынан өзү кеткенин айтты. 

“Кыскача айтканда, эң алгач мамлекет мыйзам талаасынан чыгып кетти. Ошондон пайдаланып КТРКны белгилүү бир саясий партия көчкү түшкөндөй басып калды. КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышына талапкер Чынара Капарова башкы директордун милдетин көздөп келгени маалым болду.  Башкы директорубуз болсо дароо эле багынып берип, кетүүгө даяр болуп алыптыр. Ал кишиге КТРКнын системалык блогунан да компютеринин системалык блогу зарыл экен. Кабинетин таң атпай эле жылаан сыйпагандай жыйнаштырып салганга да үлгүрүптүр. Таң калыштуу. Ушунча да коркобу жарыктык Жайнак мырза. Сырттан душман кирсе да сыр бербей турган жигит го деп ойлогом! Жайнак мырзанын ишмердүүлүгүндө кеп жок. Муну калыстык үчүн айтышым керек. Жакшы иштеп жаткан. Пландары деле мыкты болчу. Билимдүү, көп нерсеге терең көз караштары бар. Мен бул жетекчини конкурска катышып жаткандан бери эле колдоп, иштешип келе атканбыз. Бирок, ушул кылганын, тактап айтканда таштай качканын мен эле эмес башка кесиптештерибиз да кечире албас”, -деди Сасыйкожо.

КТРКга чакырып келтире албаган Байкоочу кеңеш да кайдан-жайдан пайда боло калып, чечим чыгарууга камданып калышканын айтты. 

“Билектерин түрүнгөн байкоочу кеңештин мүчөлөрү 11добуш менен алеки заматта Башкы директордун арызын кабыл алуу чечимин чыгарды. Шымаланып турган "баскынчылар" эфирдеги Чынара эжебизди кеңештин кеңсесине киргизип, байкоочуларыбызды кошо басып алышыптыр. Мындай чечимдер чыгып, КТРК башы жок чабандестей болуп калгандан кийин коллектив калдакдатып, далдактатып кеңешке алып киришти да кырдаалды көзөмөлгө алуу милдетин мага арта салып, кандидатурамды көрсөтүштү. Ошентип Чынара Капарова экөөбүздүн фамилиябыз эки тараптан айтылып, тиреш башталып калды. Анда-санда бир көрүнгөн байкоочу кеңеш ошондо деле келбей турса болмок. Аларсыз эле бул иш аягына мындай ызы-чуусу жок чыкмак”, -деди ал.

Кыйын кырдаалдан пайдаланып КТРКда башкы директор болом дегендердин тарапташтары чогулуп, орун талаш башталды.

“Оор абалды ойлобой орун талаш башталды. Ары кетип, бери келип атып Капарованын өз сунушу менен Ала Тоо24 каналына жибере турган болушту. Ал жерде белгилүү, тажырыйбалуу журналист Сюита Соурбаева мыйзамдуу иштеп жаткан. Мага болсо зам директорлук орунду сунуштай калышты. Зам директордун бири камгактай учуп күйүп, желектей желпилдеп азыр эле ордун бошотуп, куйругун түйө тургандыгын айтып ийди. Ал сунушту кашайып кабыл алган жокмун. Анткени менин максатым кресло эмес болчу да. Бул оюмду азыркыга чейин деле түшүнө алган жоксуңар. Башкы директордун ордун көздөп жатат деп ойлогондор болду. Менин чыныгы максатым КТРКнын имаратына, кымбат баага турган техникалык жабдыктарына зыян келтирилбеши жана эфир үзгүлтүккө учурабашы болчу. Кудай сактап "Элдик кошуундун" жана коллективдеги суу жүрөк эмес, чыныгы эр жүрөк азаматтар менен коргоого алып турдук.

Көрсө анык кызык али баштала элек экен. Түштөн ооп калганда түгү бетине чыгып акыйкаттык издеген эл келди. Каарданып катуу келип атышты. Алардын талабы эфирди калыс чыгаруу болду. Эшиктин алдынан түз эфир берүүнү чечтик. Алгач КРнын Гимнин ырдатып анан сырттагы түз эфирди баштадык. Кеч куруун дагы бир күргүштөгөн эл келди. Аларды да тамагыбыз айрылганча кошо кыйкырып атып тосуп алдык. Эфир бердик. Бир убакта КТРКнын баягы байкоочу кеңеши бар экени тууралуу сөз айтышып. Аларды кетиш керек деген талап коюп сыртка чыгуусун суранышты. Ооба, алгач алар суранышты. Чыкпай жатканда анан катуулап талап кылышты. Акыры алар чыгышты. Арасында Башкы директордун милдетин аткаруучу Ж. Бакашова да чыкты. Бирок, жыйынтыгында эл менен тил табыша алышкан жок. Эл да кабыл албай койду. Кеткиле дешти. Кетишти.

Ошол күндөн тарта беш күн бир дагы саясий лидерди эфирден чыгарбай, элдин ынтымакка, биримдикке чакырган үндөрүн берип аттык. Митингдерди да бирдей кылып тең берүүгө өттүк. Өлкөбүздөгү кырдаалды объективдүү чагылдыруу менен элдин ишенимине кирдик. Нааразы тарап болгон жок. КТРКнын мүлкү, техникалык жабдыктары зыянга учураган жок. Эфирди үзгүлтүккө учураткан жокпуз. Калыс иш алып бардык. А мен болсо башкы директордун милдетин аткаруучу эмес, убактылуу жетектөөчү координатор болуп турдум. А баса, ал ортодо өлкөдө тынчтык өкүм сүрө баштаганда биздин Башкы директорубуз Жайнак Усен уулу келинчегин ээрчитип келип алыптыр. Аны айрымдары колдогону менен калгандары "Кыйын мезгилде таштай качып кайра кантип келдиң? Арызыңды жазбай турсаң бир жөн, ордуңа Ж. Бакашова милдетин аткаруучу. Мыйзамга да туура келбейт." - деп киргизбей коюшту. Ага да мен күнөөлүмүнбү? Чындыгында элдин айтканы туура болчу.

Мамлекетибиз мыйзам талаасына кирип, баары калыбына келе баштады. Мыйзамдуу мамлекетте жашагандан кийин, мыйзамды биз да сыйлаганды билебиз. Кечээ КТРКнын байкоочу кеңеши чогулуп жыйын кылалы десе буларда да кворум дегени болбой тарашты. Бирок, мыйзамдуу 11 добуш менен шайланган КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Жылдыз Бакашовага эми иштей бериңиз деп мендеги убактылуу жетектөөчү координаторлук милдетимди жыйынтыктап баарын толук бойдон өткөрүп бердим. Эми, КТРКнын Байкоочу кеңеши тез арада конкурс жарыялап, мызамдуу түрдө башкы директорду тандашын күтөбүз. Түшүнгөндөргө жана түшүнгүсү келбегендерге айтып кетейин. Мен эч кимден кызмат талашкан жерим жок. Мага баарынан элдин ишеними баалуу! Ушул убакытка чейин бирөөнүн этегине намаз окуп, кошомат кылып же бирөөгө таянып кызматка барган жан эмесмин. Кудайдын буйругу менен гана эмгек кылып келем. Мени туура түшүнө алдыңыздар деп ойлойм. Кыскасы ушундай. Баарыныздарга рахмат”, -деген билдирүү калтырды Самыйкожо.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында 5-октябрдагы тынчтык митинги башаламандык менен коштолуп, бир катар мамлекеттик имараттарды басып алуулар башталган. Ошондой кырдаалда 6-октябрь күнү КТРКны да басып алышып, башкы директордун оруну талашка түшкөн. Байкоочу кеңеш бир добуштан Жылдыз Бакашованын талапкерлигин колдоп, аны убактылуу директорлуктун милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Ага карабастан директорлуктун милдетин аткарууга Чынара Капарова менен Мирлан Самыйкожо эки тарап болуп жаатташып, талашып турушкан. 7-октябрда Мирлан Самыйкожо КТРКны басып алуу жолу менен башкы директорлук милдетин алып,  өзүн телеканалдын убактылуу башкаруучусумун деп эфирден жар салган. 

Ссылка: https://barometr.kg/mirlan-samyjkozho-men-ktrknyn-baaluu-mlkn-talatyp-zhiberbej-saktap-kaluu-maksatynda-ubaktyluu-bashchy-boldum



Добавить комментарий