Мэрия: Бүтүрүүчүлөр кечелерди уюштурса директорлор кызматтан кетет

23 мая 2023 12:17 694 Barometr
Поделиться в:
ok

25-майда саат 9:00дө Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мэриянын айтымында, ата-энелерден иш-чаралар учурунда акча чогултууга тыюу салынат. Мугалимдерден жана мектептерден акча чогултууга,
ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Бул күнү билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтү уюштурулуп,
Бишкек шаарынын укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.

“Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жалпы билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары жерде өткөрүлгөн
майрамдык иш-чараларда окуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө ата-энелерге маалымат берүү менен  чогулуштарын өткөрүштү.
Мектептер тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда директорго, жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик чаралар көрүлөт.
Урматтуу ата-энелер!
Балдарга өзгөчө көңүл буруп, шаардын эл көп болгон оюн-зоок жайларына, ошондой эле шаардын сыртына  өз алдынча барууга жол берилбестиги  тууралуу баарлашууну суранабыз”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/meriya-btrchlr-kechelerdi-uyushtursa-direktorlor-kyzmattan-ketet



Добавить комментарий