Мирбек Атабеков: Жылдыз Мусабековага таарынычым жок, баарын чечишип алдык
Ырчы Мирбек Атабеков депутат Жылдыз Мусабекова экөөнүн ортосундагы түшүнбөстүктөргө чекит коюулганын айтты. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Эскерте кесек, Жылдыз Мусабекова 2020-жылдын октябрь айындагы элдик революция учурунда ырчы Мирбек Атабеков жоон топ балдарды баштап келип, депутаттарды сабатам деп турду деп айыптаган. Депутат өнөр адамынын элди туура эмес жака үндөп жатканын айтып, ар ким колунан келген жумушту кылса деген оюун билдирген.
"Кече Жылдыз Мусабекова эжекем менен тааныштым. Убакыт чындыкты тастыктады. Мен тараптан болгон түшүнбөстүктөрдүн баары чечилди. Жылдыз эжеме рахмат, инисине баарын жылуу мамиледе түшүндүрүп бергенине. Эч кандай таарынычым жок, баардыгын туура кабыл аламын", - деп жазды ырчы.
Ссылка: https://barometr.kg/mirbek-atabekov-zhyldyz-musabekovaga-taarynychym-zhok-baaryn-chechiship-aldyk
Добавить комментарий ×