Бир күндө жылдыз болгон Бегимай чет өлкөгө сынакка барат

22 июня 2022 21:59 1597 Barometr
Поделиться в:
ok

Бир күндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгын маданият министирлиги ар тараптан колдоп, эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшөт. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Мындай маалымат бүгүн, 22-июнда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов  бир күндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова менен жолукканда белгилүү болду.

Азамат Жаманкулов акыркы күндө коомчулукта чоң резонансты жарткан аткаруу жөндөмү жана дарамети абдан жогору Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгына ийгилик каалап, анын чыгармачылыгын ар тараптан колдоого алып эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшө турганын билдирген.

Тактап айтканда, Маданият министрлиги Бегимай Турусбекованы “Central Asia's Got Talent” сынагына жөнөтүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтөрүн, ошондой эле, Казакстанда, Түркияда жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүнө кошуп, анын талантынын ачылышына жана эл аралык аренага чыгуусуна жардам бере турганынын баса белгилеген.

"Ал эми, Бегимай Турусбекова буга чейин М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык  окуу жайын жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетин окуп, аны бүтпөй калгандыгын белгилеп, буга чейин бир катар сынактарга катышып, бирок эч жолу болбой келгенин эскерди.

Өз кезегинде Азамат Жаманкулов Бегимай Турусбекованын окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана аны ийгиликтүү аяктоосуна жардам бере тургандыгын кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Бегимай Турусбекова Уитни Хьюстон менен Селин Диондун хиттерин ырдоо менен борбор калаадагы эс алуучуларды багынткан. Видеолор дароо интернетке тарап, чыныгы талант катары тааныла баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-knd-zhyldyz-bolgon-begimajdy-madaniyat-ministrligi-chet-lkg-synakka-zhntt



Добавить комментарий