Мирбек Атабеков: Өпкөм кургап, дене табым көтөрүлүп абалым начарлай баштады (видео)

16 сентября 2020 10:11 5388 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Мирбек Атабеков коронавирус менен ооруп, дем ала албай, абалым начарлап, акыбалым оорлоп баштады. Бул тууралуу анын Республикалык штабка берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

“Коронавирус пандемиясы биздин өлкөгө келген күндөн баштап оорулууларды өз көзүм менен көрсөм да анчейин ишенген эмесмин.  Ыктыярчыларга кошулуп колумдан келген жардымымды берип, эл арасында эле жүргөм. Бирок бул вирус мага да жукту. Башында үйдөн эле күчтүү антибиотиктерди алып дарыланып жаттым. Абалым жакшырып, сакайып калгандай болгом. Бир аз күндөн кийин эле дем жетпей, өпкөм жабышып, абдан кыйналып баштадым. Ошол убакта таңга маал болуп калган, жеке тез жардамдарга чалсам да албайт, мамлекеттик тез жардамдан үмүт да кылган жокмун. Оорунун туу чокусуна жетип турган учур эле. Чубак ажыга окшогон кыйындар каза болгон мезгилде болду. Корктум, себеби бул учурда көптөгөн жарандарыбыздан айырылып калдык. Күндө суук кабар, бул да менин оорумдун күчөшүнө алып келди. Стресс абалга келип, үмүтүм да жоголо баштады”, -деди Атабеков.

Ал коронавирус иледети үчүн даярдалган көнүгүүлөрдү жасап, таза абада, элден алыс тоо койнуна барып айыкканын айтты. Учурда абалы жакшы болуп, элди сактанууга, маска тагынып жүрүүгө чакырды.

“Менин ыкмамды колдонуп, сиздер да тоого чыгып, шар аккан суу боюнда  эс алыңыздар. Бул ден соолук үчүн абдан маанилүү”, - деди ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/mirbek-atabekov-pkm-kurgap-dene-tabym-ktrlp-abalym-nacharlaj-bashtady-video



Добавить комментарий