Мирбек Атабеков элди паникага алдырбоого чакырып, өз башынан өткөн окуяларды айтып берди - видео

19 март 2020 19:57 1630 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков элди коронавирустан улам паникага алдырбоого чакырып, адамга азык-түлүктөн дагы кымбат нерсе бул адам экенин айтты.

“Азыркы учурда эл паника болуп жатат. Эч кандай паниканын кереги жок. Билем муну ар бири эле айтып жатат. Мен акыл үйрөтөйүн дегеним жок. Мен болгону өзүмдүн оюмду айтайын дедим”, — деди ырчы.

Ал андан сырткары паникага алдырган учурлары тууралуу айтып, өз башынан өткөн окуяларга дагы токтолду.

“Паникадан улам спортчу утулуп, оратор сүйлөй албай калышы ыктымал. Оорубаган адам “мен ооруп калышым мүмкүн” десе ооруп калышы мүмкүн. Жаркын маанай менен жүрөлү. Ошол керек. Паниканын кереги жок. Жакшы адамдарды Кудайым сыноодон жеңил өткөрүп коёт, баарыбыз жакшы адамдарбыз. Ошондуктан жакшы адам экенибизге татыктуу болуп жүрө берели”, — деди Атабеков.

Ырчы ошондой эле, учурда бийликке ишенип, алардын берген көрсөтмөлөрүн, эрежелерди туура сактоону дагы белгилеп өттү.

“Достор бардыгы жакшы болот. Позитив маанай менен жүрөлү”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы коронавируска чалдыккандар катталганы айтылгандан кийин эл массалык түрдө азык-түлүктү камдап сатып алууга өткөн. Мындай көрүнүштөр Бишкек шаарында, Ош шаарында жана башка аймактарда байкалууда.

Өз кезегинде өкмөт Кыргызстанда азык-түлүктүн запасы бардыгына жете турганын айтып, элди ишендирүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/mirbek-atabekov-eldi-panikaga-aldyrboogo-chakyryp-z-bashynan-tkn-okuyalardy-ajtyp-berdi



Добавить комментарий