Мирбек Атабеков атын колдонуп, чагымчыл темаларды жазбоону журналисттерден суранды
Бүгүн Мирбек Атабеков журналисттерден ѳзүнүн атын, үй-бүлѳсүн колдонуп чагымчыл темаларды жазбоону жана ошол аркылуу упай топтообоону суранды. Бул тууралуу ал социалдык тармакта жарыялады.
Ырчы катардагы жаран катары Кыргызстандын өнүгүп- өсүүсүн колдоп, жемкорлукка каршы экенин белгилейт.
«Мен эч кимди, эч кимдин позициясын колдобойм. Келечекте дагы эч бир партияга, шайлоого талапкерге дагы колдоо көрсөтпөйм. Мен саясатчы эмесмин, жөн гана жаранмын. Менин атымды колдонуп чагымчыл темаларды жазбоону суранам. Кеп тынчтык митинги жөнүндө болчу», - дейт ал.
Буга чейин Мирбек Атабековжана бир катар шоу-бизнес өкүлдөрү "Азаттык" радиосунун бажы тармагындагы коррупция боюнча иликтөөсүнөн кийин өз баракчаларына жемкорлукка каршы пикирин билдирген пост жарыялашкан. Айрым массалык маалымат каражаттары алардын Бишкекте өтө турган митингге чыгарын жазып чыгышкан. Бирок, шоу бизнес өкүлдөрү бүгүнкү акцияга катышкан жок.
Добавить комментарий ×