Министрлик: чет жактан келген жарандар обсервациянын талаптарын сактабай жатат

18 мая 2020 10:47 828 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда бир суткада коронавирус жуккан жаңы 78 учур катталып, жалпы илдет жуккандардын саны 1216 кишиге жетти.

“Бүгүн катталган 78 учурдун 46сы чет өлкөдөн келген жарандарыбыздан аныкталды. Биздин жарандардын ар кандай мамлекеттерде, ар кандай шарттарда  тургандыгы белгилүү. Ошондой эле, мекенине кайтып келген жарандар обсервациянын эрежелерине баш ийбей,  өздүк гигиенаны сактабай жатышат. Мындан улам, оорулардын саны көбөйүүдө”, - деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Ал ошондой эле, Россиянын Соль-Илецк шаарынан келип жаткандарды ташуу учурунда вирустун жайылышынын тобокелдиги жогору болгондугуна байланыштуу Республикалык штаб тарабынан кошумча ПЧР-изилдөөлөрдү өткөрүү чечими кабыл алынганын кошумчалады.

 “Бул үй карантиндеги байланышта болгондор илдетти массалык түрдө жугузуп албоосу үчүн туура чечим болду”, - деди Үсөнбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-chet-zhaktan-kelgen-zharandar-observaciyanyn-talaptaryn-saktabaj-zhatat



Добавить комментарий