Министрлик: Бишкектеги республикалык инфекциялык ооруканасында 32 жаш бала дарыланып жатат

8 мая 2020 10:35 1887 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда Бишкектеги республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында 32 жаш бала дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

"Аларда оору жеңил клиникалык түрдө өтүп, оор абалда жаткандары жок. Андыктан, балдардын ден соолугуна коркунуч жок"- деди ал.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги эне жана баланы коргоо борборунда жаткан кичинекей балдарга дагы коронавирус жукканы айтылган.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккан бейтаптардын саны 906 кишиге жетти. Анын ичинен 650 киши оорудан айыгып, үйүнө чыгарылды.

Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-bishkektegi-respublikalyk-infekciyalyk-oorukanasynda-32-zhash-bala-darylanyp-zhatat



Добавить комментарий